Бүгүн, 29-ноябрда Нарын шаардык кеңешине жаңы шайланып келген 31 депутат экинчи сессияга чогулду. Сессия улуу депутат Амантур Төрөгелдиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда Нарын шаардык кеңешинин төрагасын жана анын коомдук башталыштагы орун басарларын шайлоо боюнча эки маселе каралды.
“Нарын деми” көпчүлүк коалициясынан төрагалыкка Чынтемир Муканбетжусупов, “Биримдик” коалициясынан Алмаз Сурановдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Алгач бул кандидаттар сөз сүйлөп бири-бирине ийгилик каалоо менен шаардын өнүгүүсү үчүн иштеп берерин билдиришти.
Беш депутаттан турган эсептөө комиссиясы шайлоо өткөрүп, жыйынтыгында Чынтемир Муканбетжусупов депутаттарын 16, Алмаз Суранов 15 добушуна ээ болуп, Чынтемир Муканбетжусупов Нарын шаардык кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.
Ал эми анын эки орун басарына Мирзат Муталипова жана Эмилбек Рысбек уулу көрсөтүлүп депутаттардын бир добушу менен орун басар болуп шайланды.