DOLON MEDIA

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарына мандат тапшырылды

17-ноябрь күнү өткөн шайлоодо тандалып келген Нарын шаардык кеңешинин  31 депутатына мандаттар тапшырылды.

Кеңештин улуу депутаты Амантур Төрөгелдиевдин төрагалыгы алдында жаңы шайланган депутаттардын  биринчи сессиясы өтүп, анда Нарын шаардык кенешинин төрагасын жана анын орун басарларын  шайлоо маселеси каралды.

Жыйынтыгында төрагалыкка талапкер болгон эки депутат бирдей добуш алып бири каршы добуш берилгендиктен шайлоо жокко чыгарылды.

31 мандатка “Адилет” саясий  партиясынан 10, “Ынтымак” партиясынан  6 мандат,  “Жаны Кыргызстан” партиясынан 7  жана  “Эл үмүтү”, “Ишеним” саясий партияларынан  4 мандат берилген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.