DOLON MEDIA

Нарын районунда социалдык дүкөн ачылат

Нарын облусунун жетекчилиги Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылына социалдык дүкөн ачуу долбоорун сунуштап жатат. Ал долбоор менен бүгүн 25-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков таанышты. Социалдык дүкөндү ачуунун себептерин облус жетекчилиги айыл чарба продукцияларын ортомчулар аркылуу эмес малчы, дыйкандан түз алып сатуу аркылуу, өсүп бара жаткан бааны бир деңгээлде кармоону, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо катары деп белгилешүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.