Нарын-Орук-Там унаа жолу 2025-жылдын апрелине чейин жабылды. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаев билдирип, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыкканын кошумчалады.
Мындай чечим алдыдагы кыш мезгилинде аба-ырайынын жана жол шартынын катаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогондугуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө максатында кабыл алынган.
Ошондой эле Чет-Нура, Дөбөлү айыл өкмөт башчыларына унаа жол каттамы жабылгандыгы тууралуу калкка маалымат жеткирүү, №8 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол каттамы ачылганга чейин атайын жол белгилерди орнотуу, жолдун кооптуу аймактарын көзөмөлгө алуу, коопсуздук эрежелерин сактоо милдеттендирилди.