DOLON MEDIA

НАРЫН: ОКУУЧУЛАР СЕНТЯБРДА ОКУУГА ЖӨӨ БАРЫШПАЙТ

Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң айылынын кулуну, жеке ишкер Рысбек Шокенов балдардын мектепке коопсуз барып келүүсү үчүн  810  миң сомго  кичи автобус алып берди.

 

Бул айылда жашаган жогорку класстын 33 окуучусу коңшулаш  Ийри-Суу айылындагы М.Байдөөлөтов атындагы мектепке жөө барып-келип окушат. Айыл аралыгы  3 чакырым алыс болгондуктан, мектеп окуучуларына кышкысын жана жаз-күз мезгилиндеги жаан-чачында кооптуу болгондуктан транспорт каттамы зарыл болуп келген. Окуучулардын бул көйгөйү чечилип, 2024-2025-жаңы окуу жылында кичи автобус менен барып-келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.