DOLON MEDIA

Нарын облусунда Ормон Хан Ниязбек уулунуну 230 жылдыгы белгиленет

2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунда  Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов мааракеге даярдык иштери менен таанышып, иш кызуу жүрүүдө. Мааракенин алкагында Кочкор районундагы Ормон Хан паркын реконструкциялоо, М.Садыков атындагы стадионду капиталдык ремонттон өткөрүү, Семиз-Бел айылына флагштог орнотуу жана туристтик айыл куруу, Ормон Хан Ниязбек уулунун эстелигин коюу жумуштары  каралган.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууда, сактап калууда чон роль ойногон Ормон Хан Ниязбек уулу сарбагыш уруусунан чыккан манап, кадимки Калыгул олуя менен аталаш тууган болгон. Кыргыздардын ички сырткы душмандардан коргоо үчүн 1842-жылы Ысык-Көлдүн этегинде 500 боз үй тигилип, кыргыздын курултайын өткөрөт. Ошентип 52 жаштагы Ормон Ниязбек уулу ал курултайда Хан болуп шайланып, ай тамгалуу кызыл кымкап тебетей кийгизилет. Ички кутумдар менен биригип казак султаны Тезек төрөнүн катыштыгы менен, Ниязбек уулу Ормон Хан 1855-жылы өз кызынын үйүндө өлтүрүлөт деп айтылат тарыхта.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.