Нарын облустук прокуратурасына жаңы имарат салынат. Бүгүн, 6-ноябрда анын курулушуна капсула салынды.
Иш-чарада Башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратура кызматкерлерине мамлекеттик укуктук тутумун чындоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл бурулаарын билдирди.
Нарын областынын прокуратурасынын эки кабаттуу административдик имараты Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашып, кызматкерлер жана жарандар үчүн баардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Заманбап жаңы эки кабаттуу административдик имарат курула турган жердин аянты 1370,13 чарчы метрди түзүп, курулуштун сметалык баасы 66 миллион сом.
Маалымат үчүн белгилесек, Нарын областтык прокуратурасынын азыркы имараты 1953-жылы курулуп, курулгандыгына 70 жылдан ашкандыктан эскилиги жеткен.