DOLON MEDIA

Нарын: Кайрымдуу бол калайык!

Калктын аярлуу катмарын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо менен жашоосун жакшыртуу максатында Миң-Булак айыл аймагындагы  муундар аралык “Элден элге ” акциясы уланууда. Бул жолу 1979-жылы төрөлгөн айыл тургундары  дагы бир үй-бүлөгө  музоолуу уй алып беришти. Кезек 1977-жылы төрөлгөндөргө өткөрүлүп берилди.

Айыл өкмөттөн билдиришкендей,  өткөн жылы айыл өкмөт башчы тарабынан демилгеленген бул акция элеттиктер тарабынан колдоого алынып, буга чейин 14 үй-бүлөгө трт түлүк мал алынып берилген.

Маалымат үчүн белгилесек, Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу сегиз айылда аз камсыз катары 239 үй-бүлө каттоодо турат. Булардын ичинен  54ү “Социалдык контракт” долбоору менен келишим түзүшкөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.