Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Шоро айылында фельдшердик-акушердик пункт капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Капиталдык оңдоп-түздөө жумуштарына АРИС уюмунун АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунан 1 млн 683 миң 881 сом каржыланган. Мунун ичинен 327 468 сому жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы.
Анын ачылышына катышкан, район акими Нуридин Мадимаров акыркы жылдары саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, алыскы аймактагы калктын саламаттыгына кам көрүү, элеттиктердин медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана деңгээлин жогорулатууга маанилүү кадамдардан экенин кошумчалады.