DOLON MEDIA

Нарын дарыясынын жээгинде 80 түтүн эл жашайт

ӨКМдин Нарын шаары жана Нарын району боюнча бөлүмүнүн башчысы Адис Кыдыкбаевдин айтымында,  Нарын дарыясынын 22 чакырымы Нарын шаарын жээктеп өтөт. Дарыянын жээгиндеги жээк эрозиясы катталган  10 аймакта  80ге жакын түтүн эл жашайт. Бүгүнкү күндө Нарын дарыясында коркунуч жок, себеби деңгээли орто.

Ошондой эле калаада  сел жүрүү коркунучу жогору  82 кокту жана шаарды аралап өткөн Чоң Нарын каналы бар. Бул каналдын 10 чакырымы кол менен тазаланган. Канал айыл чарба багытындагы канал болгондуктан  анын сыйымдуулугу жогоруда белгиленген коктулардан келген сууну батыра албай ашып, жээгиндеги турак-жайларды каптоосу мүмкүн.

“Шаарды аралап өткөн Чоң Нарын каналы  сел өтүүчү канал эмес. Ал айыл чарба багытында болгондуктан сыймдуулугу  келген сел сууларын батыра албагандыктан ташып кетет. 82 коктуга селди өткөрүүчү  канал салуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында төрт жерге  сел суулары топтоло турган бассейиндерди куруу пландалган. Бул каналдын 10 чакырымы кол менен тазаланды. Эми күз айларында 4 чакырымы техникалардын жардамы менен тазаланат. Ал эми Нарын району боюнча 57 чакырым сел суулары өтүүчү каналдар тазаланып бүттү”,-деди Адис Кыдыкбаев.

Анын айтуусунда , өздүк курам күнү-түнү даярдыкта. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал каттала турган болсо нөөмөттө тургандар  дароо чыгып жарандарга жардам бере турган бардык шарттар бар. Атайын авариялык куткаруу техникалары жетштүү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.