Нарын шаарындагы Нарын дарыясынын үстүнө курулган асма көпүрө 308 миң сомго ремонттолду.
Матен Сыдыков чөлкөмүн шаардын борбордук аймагы менен байланыштырган Нарын дарыясындагы асма көпүрөгө 11 жылдан кийин капиталдык ремонт жасалды. Бул үчүн жергиликтүү казынадан 308 миң сом жумшалган. Бул каражатка көпүрө коопсуздандырылып, бекемделип, тактайлары толугу менен алмаштырылып, сырдалып, жарыктандырылды.
Көпүрөнүн узундугу 70 метрди түзөт.