DOLON MEDIA

Нарын: Чоң-Жалбызды суусунда жарым кылым жаткан куту табылды

Нарын районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы Чоң-Жалбызды суусунда 54 жыл жаткан куту табылды. Бул тууралуу Токтогүл Осмокеева аттуу айым фейсбукка жарыялап, “Водовод” суу алуучу жайын куруу тарыхын бөлүшкөн.

“Чоң-Жалбызды кичи жайлоосундагы булактын оозуна капсула салууда бөтөлкөнүн  ичине салынып, кошо куюлган “тарыхый кагаз” табылды. Бул кагазда 1970-жылы Ала-Арча ПМКсынын жумушчулары тарабынан 26-апрелден 8-сентябрга чейин Жалбызды булагынан алынган “Водовод” суу алуучу жайы курулгандыгы жана куруучулардын аттары жазылган. Андан бери жарым кылымдан ашык убакыт өтсө да Чоң-Жалбыздынын суусунун курулушу тууралуу кызыгып көрбөптүрбүз. Атам  Алымкул Осмокеевдин айтуусу боюнча Чоң –Жалбыздыдагы булакта  тегирмен болгон. Ысмайыл  аттуу ата ошол булактын суусуна чоң жаргылчактай болгон тегирмен салып, суткасына бир центнер ун алчу дейт.

1970-жылдары  Кара-Талаада суу жок болгондуктан совхоздун ошол кездеги директору Асандын демилгеси менен булактын суусун Кара-Талаага жеткирүү тууралуу маселе көтөрүлүп, натыйжада  ПМКнын кишилери труба менен ылдыйкы Кара-Талаага суу тартып келген экен. Аз да болсо кызыктуу маалымат болот деген ойдо  «Водовод» суу алуучу жайы тууралуу кыскача маалыматты бөлүшүүнү туура көрдүм. Айылыбыздын тарыхын айта турган ата-апаларыбыз аман болушсун”,-деп жазып, табылган кагаздагы 10 куруучунун аты-жөнүн жарыялаган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.