Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур – Солтон-Сары унаа жолунун 43-чакырымында борбоондон улам жолдо калган 7 унаа, бүгүн, 10-мартта таңкы саат 05:30 чамасында куткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 9-март күнү бороон аралаш жааган кардан улам жолдун аталган тилкесинде кар күрткүсү пайда болуп, жолдо болжол менен 7 оор жүк ташуучу унаалар туруп калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Жерине Кочкор райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Солтон-Сары алтын кен комбинатынан 3 жүктөгүч тартылган. Күч-каражаттардын жардамында бүгүн, 10-мартта таңкы саат 05:30да унаа жол кар күрткүдөн толук тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар чыгарылган.