Шоро айылындагы С.Мамбетов атындагы орто мектебинин информатик Т.Тыналиев атындагы компьютердик классы жаңы жабдуулар менен камсыздалды.
Алсак, 16 компьютер принтери менен сыналгы жана 16 отургуч сатылып алынган. Бул үчүн 800 миң 52 сомдук долбоор “Теңир Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле мектеп жамааты дагы колдоо көрсөтүшкөн.