DOLON MEDIA

Нарын: Аз камсыз үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр түштү

Нарын районунда 10 миң 242 түтүн  аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлө бар. Алар үчүн айыл өкмөттөр күз-кыш мезгилине көмүр отунун жеткирип берет. Бүгүнкү күнгө карата  Жан-Булак жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүндөгү үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр  таратылып берилди.

Маалымат үчүн айтсак, быйылкы күз-кыш мезгилине  районго жалпы 17 миң 359 тонна кара алтын керектелет. Мунун ичинен  13 миң 300 тонна элдин керектөөсү. Ал эми  бюджеттик мекемелерге  керектеле турган  4 миң 66 тонна  көмүрдүн  97 пайызы  тартылып бүттү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.