Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында жаңы ФАП курулуп, ишке берилди.
Медициналык мекеменин курулушуна АРИС уюмунун АИД-3 кошумча каржылоо долбоору менен 4 млн 262 миң 170 сом, ал эми Нарын райондук өнүктүрүү фондунан бир миллион сом бөлүнгөн.
Долбоор элеттеги элдин ден соолугуна кам көрүү менен медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана элдин жашоо сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылды.