DOLON MEDIA

Нарын: 166 гектар мыйзамсыз пайдалануудагы жер аныкталды

Нарын району боюнча  айыл тургундары тарабынан мыйзамсыз колдонууда жүргөн 166,2 гектар жер айыл өкмөттөр тарабынан такталган. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Салтанат Белекова билдирди.

Анын айтуусунда,  Чет-Нура айыл өкмөтүнөн 13 гектар, Эмгек-Талаа айыл аймагынан 9 гектар,  Дөбөлү айыл аймагынан 7,80 гектар,  Жан-Булак айыл аймагынан 30 гектар, Учкун айыл аймагынан 73,7 гектар,  Жерге-Тал айыл аймагынан 30,70 гектар, Миң-Булак айыл аймагынан 2 гектар жер  айыл тургундары  тарабынан  ашык пайдаланылып жүргөнү аныкталып, айыл  өкмөттөрүнө кайтарылган.

Бул жумуштар Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу  жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү”  Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.