Нарын районунда жыл башынан бери 129 уйдан бруцеллез ылаңы табылып, алар ветеринардык эреженин негизинде союлуп жок кылынды. Бул тууралуу маалымат Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынан алынды.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери бруцеллезго карата серологиялык изилдөөгө 5 миң 537 уйдан кан алынып Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы менен Дөбөлү айыл аймагынан 14, Чет-Нурадан 6, Миң-Булактан 17, Жерге-Талдан 17, Эмгек-Талаа айыл аймагынан 30, Учкундан 25, Жан-Булактан 9, Нарын шаарынан 11, жалпы 129 уйдан бруцеллез ылаңы табылып, алар ветеринардык эреженин негизинде союлуп жок кылынган.
Ал эми 338 жылкыдан бруцеллез, сап жана кээңги (трипанозомос) ылаңдарына анализ аланган. Натыйжада Миң-Булак айыл аймагынан 4, Учкун айыл аймагынын 9, Чет-Нура айыл аймагынан 1 жылкыдан кээңги дарты катталган. Бул жылкылар дагы ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык союлган.
Нарын району жана шаары боюнча 59 миң 774 ири мүйүздүү мал, 308 миң 955 кой-эчки, 41 миң 713 жылкы, 45 миң 196 миң үй канаттуулары бар.