DOLON MEDIA

Мөмө-жемиш кластери уюштурулат

Дүйнөлүк Банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун үчүнчү фазасы менен Нарын облусунда мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү колго алынып, питомниктер курулат.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Агробизнестин  атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу борборунун башчысы Төрөкул Бековдун айтуусунда, долбоор облустун беш районун камтып, ар бир райондо экиден, жалпы 10 питомник курулат. Бул үчүн грант катары  ар бир питомникке  5 миң доллардан колдоо көрсөтүлүп,  500 жаран окутулат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.