DOLON MEDIA

Минкаб Нарындагы айыл аймактарга 108,2 млн сом бөлөт

Министрлер кабинети Нарын облусундагы айыл аймактарга 108 млн 198,1миң сом бөлөт. Министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрындагы тескемесине ылайык , финансы министрлигине Жогорку Кеңештин бюджет, эконномикалык жана фиксалдык саясат боюнча комитетинин макулдугу менен облустагы 22 айыл аймагына 108 млн 198,1 миң сом бөлүп берүү тапшырмасын берди.  Ага ылайык Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айылдык аймагына 158 400 сом, Кара-Бүргөн 490 800 сом, Баетов 16 млн 78миң 500 сом, Тоголок Молдо 5, 5млн сом, Ал эми Ат Башы району боюнча: Ат-Башы айылдык аймагына 5,9 млн сом, Ак-Моюн 879 400 сом, Баш-Кайыңды 1млн 354, 3 сом, Кара-Суу 4 млн 909 миң сом, Казыбек 2 млн 479 миң сом ала алышат. Ал эми Жумгал районунда: Жумгал 3 млн сом, Байзак 3 млн 92 миң 400 сом, Чаек 10 млн 635 миң 600 сом, Миң-Куш 1 млн 766 миң 400 сом бөлүнөт. Кочкор району боюнча төмөнкү айыл аймактары: Ормон Хан 17, 5 млн сом, Кум-Дөбө 659 100 сом, Кара-Суу 2 млн 990 миң сом, Чолпон 8 млн 609миң сом, Сары-Булак 3,1 млн сом, Нарын району боюнча : Дөбөлү 3,1 млн сом, Чет-Нура 4 млн 412 миң 200 сом, Эмгек-Талаа 3 млн сом, Учкун 3млн 539 миң 200сом бөлүнүп айыл аймактарын өнүктүрүүгө жумшалат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.