DOLON MEDIA

Мектептерге кыргыз тилинен көчүрүү экзамени киргизилет

Кыргызстандагы бардык орто мектептерде милдеттүү түрдө кыргыз тили сабагынан жазуу жана оозеки түрүндө класстан класска көчүрүү экзамени киргизилет.

Биилим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан өлкөдөгү бардык мектептердин 5-6-класстарынын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары кыргыз тили сабагынан жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү  экзамендерин тапшырышат.

Экзамендерди министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти өткөрөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.