DOLON MEDIA

Матраимовдун бир нече мүлкү сатыкка коюлду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Азербайжандан кармалып, Бишкекке алып келинген Райымбек Матраимовдун бир нече мүлкүн аукционго койду. Ал мүлктөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында мамлекетке өткөн. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги “Эгиз мунара” деп таанылган имараттын 14-кабатында жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метр кеңсе эмеректери менен аукционго коюлган. Анын баштапкы баасы көрсөтүлгөн эмес. Мындан сырткары Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан “Ихлас” курулуш компаниясындагы жалпы аянты 5085 чарчы метрди түзгөн коммерциялык имараттар бар. Анын баштапкы баасы 682 млн 550 000 сом деп бааланган. Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Имарат Стиль” компаниясына тиешелүү жалпы аянты 1400 чарчы метр “ИМПЕРИАЛ” коммерциялык имараты сатыкка коюлуп, баштапкы баасы 149 млн 825 000 сом деп көрсөтүлгөн.

 

Буга чейин ушул жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаарындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн. Буга улай Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлганы белгилүү болгон. Аукционго коюлган мүлктөрдүн арасында Ош облусунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан AmanatResidence деп аталган турак жайдан жалпы аянты 2300,71 чарчы метрди түзгөн коммерциялык жай бар. Анын баштапкы баасы 251 433 092 сомго бааланган. Мындан сырткары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Бишкектин Чүй 158 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 5878,3 чарчы метрди түзгөн “Ай-Пери” бизнес борборун, Чолпон-Ата шаарындагы “Ак-Марал” эс алуу борборун, Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводунун мүлкүн, “Баткен-комфорт” базарына караган 2,9 гектар жер тилкени түзгөн “Бишкек жүк ташуучу автотранспорттук ишкананы”, Чолпон-Ата шаарындагы “Зодиак” эс алуу борборун сатыкка чыгарган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.