DOLON MEDIA

“Манас” аэропортунун коду “FRU” аталыштан башкага алмаштырылат

Бишкек шаарындагы “Манас” эл аралык аэропортунун кодун “FRU” аталышын башка аталышка алмаштыруу боюнча аракеттер уланууда. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июнундагы отурумунда билдирди. Депутат Гүлшаркан Култаева мекеме “Манас” аэропортуна СССР маалында ыйгарылган уникалдуу идентификаторду качан алмаштырарын тактап сурады. Данияр Бостонов бул маселе менен бир жыл мурда кызматка киришкенден бери алектенип жатканын айтып, буга дагы убакыт керек экенин белгиледи. Ал жол-жобого ылайык “Манас” аэропортуна учуп келип жаткан бардык авиакомпаниялардан кодду өзгөртүүгө каршы эмес экенин билдирген макулдук алып, Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциацияга (IATA) арыз жөнөтүшкөнүн билдирди. Бостоновдун айтымында, алар ассоциациянын Канадада жайгашкан баш кеңсеси менен байланышкан, азырынча жооп келе элек. Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу алар сунуштап жаткан жаңы коддун аталышын тактаган жок. Үч тамгалуу уникалдуу идентификатор – бул Аба транспорту эл аралык ассоциациясы (IATA) дүйнөнүн аэропортторуна ыйгарган код. Аны авиакомпаниялар, билет сатуу жана брондоо менен алектенген агенттиктер жана башка кызыкдар тараптар маалымат алмашууда колдонушат. Код адатта аэропорт жайгашкан шаардын аталышына шайкеш берилет.

“Манас” эл аралык аэропортунун “FRU” деп аталган коду Бишкек шаарынын СССР маалындагы аталышы – Фрунзе сөзүнөн алынган. Мурдагы Пишпек 1925-26-жылдардан тартып Фрунзе деп аталып, 1991-жылы Кыргызстан эгемендик алган соң Бишкек аталышына кайтарылган. Ошондон бери борбор калаадагы аэропорттун кодун жаңыча аталышка өзгөртүү аракеттери ишке ашпай келген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.