18-мартта Кытай Эл Республикасынын Кызылсуу-Кыргыз автономдуу округундагы Улугчат шаарында Кыргызстандын ири көзөмөл кампасы ачылды. Бир миллион тонна көлөмдөгү товар бата турган кампага алгач дан эгиндери ташылат. Бул тууралуу МинКабдын төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Нарында болгон иш сапарында билдирди.
Ал бул долбоор регионалдык экономиканы, айыл чарбасын модернизациялоону жана Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы соода байланыштарын бекемдөөдө стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, айыл чарба продукцияларын экспорттого мүмкүнчүлүк жаралганын кошумчалады.
“Биз айыл чараба продукцияларын Кытай мамлекетине экспорт кыла албай жүргөнбүз. Эми бул өлкөдө бир миллион тонна көлөмдө продукция бата турган Кыргызстандын кампасы ачылды. Бул кампа аркылуу Кытайга өз азыктарыбызды экспорттойбуз. Бирок биз биринчиден сапатты жакшыртышыбыз керек. Алгач арпа, буудай, жүгөрү, төө бурчак өңдүү дан эгиндери чыгарылат. Бара-бара кайра иштетилген азык-түлүктөрдү экспорттосок болот. Алар биздин органикалык азыктарыбызга кызыгып жатышат.
Экинчиден жасалма жамгыр аркылуу тамчылатып жана жамырлатып сугаруу системасы боюнча сүйлөшүгө жетиштик. Бул пилоттук долбоор болот. Жасалма булут, жасалма жамгыр жасоонун техникаларын үйрөнүп, аны уюштурууну колго алабыз. Бул ыкманы бир жыл ичинде бизге үйрөтүү боюнча келишимдерди түздүк. Ошондой эле кыргыз-кытай чек арасында кезекке туруп калган оор жүк ташуучу унааларды жөнгө салуу боюнча маселе көтөрүлүп, бул боюнча жумушчу топ иш алып бара турган болду. Андан тышкары Кашкар-Нарын байланыш зонасынын кызматташуусу, “Кыргыз почтасы” аркылуу өткөн товарларды Топо шаарында “жашыл коридор” аркылуу өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду”,-деди Бакыт Төрөбаев.