DOLON MEDIA

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-январь түнү саат 23:36да Ош жана Жалал-Абад облустарында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде, Чангет айылдарында 3 баллга, Ак-Терек айылында 2,5 баллга, Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 2,5 баллга, Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан, Калта айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.