Кыргызстанда 2025-жылдагы ыйык Рамазан айы 1-мартта башталат. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы таратты.
Маалыматка караганда, 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Мусулмандар рамазан айында бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.
Орозо – милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан күн батканга чейин жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан өзүн-өзү тыюусу. Рамазан айындагы бир айлык орозо исламдын 5 парзынын бири болуп саналат.