DOLON MEDIA

Кыргызстанда күйүүчү май арзандады

Кыргызстанда күйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, бензин 10-декабрда 3 сомго, кечээ дагы 3 сомго чейин төмөндөгөн.

“Мындай арзандатуу калган күйүүчү майды сатып түгөтүү максатында киргизилген. Көпчүлүлүк колдонгон АИ-92 бензини ар кайсы компанияда ар кандай баада сатылып жатат. Өлкөдө орто эсеп менен АИ-92 маркасындагы бензин 62 сомдон болууда”, – деди ал.

Эшатов бензиндин баасы Россиядан көз каранды экенин, ал тарап бааны көтөрсө, кайра бизде да бензиндин баасы жогорулай турганын кошумчалады.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.