Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга багытталган 16 күндүк өнөктүк башталды.
Маалыматка караганда, мамлекет тарабынан колдоого алынган өнөктүк 25-ноябрдан 10-декабрга чейин уланып, өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.
Мындай акция коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюуга багытталган иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.