DOLON MEDIA

Кыргызстанда боорун алмаштырган бейтаптардын абалы орточо оор экени айтылды

Кыргызстанда алгачкылардан болуп боорун алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу жана орточо оор абалда экени айтылды. Саламаттык сактоо министрлиги жакшы жылыштар байкалып жатканын, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштаганын билдирди. Бейтаптарга керектүү болгон дары-дармек жетиштүү экени кабарланды. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, министр Алымкадыр Бейшеналиев жана түрк дарыгерлери менен күн сайын онлайн кенешме өтүп жатат. “Донорлордун абалы туруктуу жана эч кандай даттануулары жок”, – деп айтылат маалыматта. Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 10-июнь күнү аталган ооруканада 51 жаштагы бейтаптын боору алмаштырылган. 50 жаштагы экинчи бейтапка операция ушул эле ооруканада 11-июнда болгон. Ага донор болгон кызынын да абалы туруктуу экени кабарланган. Боорду алмаштыруу программасынын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн. Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын ичинен бир канчасы трансплантацияга муктаж. Быйыл февраль айында Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалды. Кезекте 110 бейтап турат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.