Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына таянсак, 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Мусулмандар рамазан айында бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Быйыл Орозо айы 29 күнгө созулуп, Айт намаз 30-мартта окулат.
Орозо – милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан күн батканга чейин жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан өзүн-өзү тыюусу. Рамазан айындагы бир айлык орозо исламдын 5 парзынын бири болуп саналат.