Кыргызстанда ушул жылдын 1-майынан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү бардык керектөөчүлөргө таасирин тийгизет.
Тарифтердин көтөрүлүшүнүн себептери
Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифтердин жогорулашына бир нече факторлор, анын ичинде инфляция, энергетикалык ресурстарга жана жабдууларга болгон баанын өсүшү себеп болгонун билдирген. Учурда өлкөдө тарифтер Борбор Азиядагы эң төмөнкү тарифтердин катарына кирсе да, алар энергияны өндүрүүгө жана жеткирүүгө кеткен чыгымдарды толук жаба албайт. Натыйжада энергетика тармагында тартыштык жаралып, аны бааны көтөрүүнүн эсебинен жабуу зарылчылыгы пайда болууда.
Калк үчүн жаңы тарифтер
700 кВт саатка чейин керектөөдө калк үчүн, анын ичинде бийик тоолордо жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарда жашагандар үчүн электр энергиясына тариф 2025-жылы 1,11 сомдон 1,37 сом/кВт саатка чейин көтөрүлөт.
700 кВт сааттан ашык керектөөдө – 2,39 сомдон 2,60 сомго чейин жогорулатылат.