Бүгүн, 7-ноябрь-Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү Кыргыз журналистикасына 100 жыл толду.
7-ноябрь 1924-жылы кыргыз тилдүү туңгуч “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз туусу” гезитинин алгачкы саны жарыкка чыккан. Бул дата 1993-жылы өкмөттүн токтому менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио, телеберүү жана басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары бекитилген.
Расмий эмес түрдө “төртүнчү бийлик” деп аталган журналисттердин эмгегинин аркасында жалпы коомчулук өлкөдө жана чет жакта болуп жаткан окуялар тууралуу көрүп, окуп, угуп кабардар болуп турушат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери өлкөдөгү бардык урунттуу окуяларды чагылдырууда, калыстыкты, акыйкаттыкты жана жалпы элдин кызыкчылыгын башкы орунга коюп, күнү-түнү талыкпай эмгектенип, элди акыркы маалыматтар менен камсыздап келишет.
Нарын облусунда Нарын облустук телерадиокомпаниясы, “Азаттык” үналгысынын, МТРК ЭлТР каналынын, “Турмуш” жана “Sputnik Кыргызстан” маалымат сайттарынын кабарчылары эмгектенишет.Теңиртоодо эмгектенген маалымат майданынын каармандары облустун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүн жалпыга маадымдоо каражаттарына чагылдырууда жигердүү салым кошууда.