DOLON MEDIA

Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча тиркеме иштелип чыкты

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” деп аталган кыргыз тилин үйрөнүү боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тиркемеде орус, англис тилдүүлөргө кыргыз тилин жеңил үйрөнүү шарты каралганын билдирди. Тиркеме бардык системадагы смартфондорго жеткиликтүү. 2023-жылы 17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. Кыргызстанда тил маселеси боюнча талкуулар токтобой келет. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев 11-апрелдеги жыйынында интернетте балдарга арналган чет тилдеги контентке тыюу салууну, балдарга кыргызча ысымдарды коюуну сунуштаган. Президент Садыр Жапаров буга коментарий берип, “Орус, англис тили боюнча Нурлан Шакиевдин пикири – анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка. Орус, англис тилдери – дүйнөлүк тилдер”, – деген болчу.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.