DOLON MEDIA

“КЫРГЫЗ ШЫРДАГЫ” ФЕСТИВАЛЫНДА БАШ БАЙГЕ НАРЫНДЫКТАРДА

“Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы “As A Nomad” этнокомплексинде жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

 

Алсак,  “Мыкты шырдак” боюнча баш байге Ак-Талаа районунан келген уз Марипа Мукановага ыйгарылып, 50 миң  сыйлыкка татыды.  “Мурас шырдак”  боюнча баш байге Нарын шаарынан  келген чебер Айзада Байбосунова ыйгарылып, 25 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал таенесинен калган, жазалганына 60 жыл болгон шырдакты сынакка алып келген. Ал эми атбашылык уз Жаңылбүбү Чокоеванын эмгеги “Жаратмандык ыкмада жасалган шырдак” номинациясы боюнча баш байгеге татып,  20 миң сом менен сыйланды.

 

Мындан тышкары,“Жаш уздар”, “Мыкты терме”, “Мыкты ала кийиз”, “Мыкты сайма”  сыяктуу бир катар сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталып кызыктыруучу байгелер тапшырылды.

 

Маалымат үчүн белгилесек, “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалынын байге фондуна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 500 миң сом бөлгөн.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.