DOLON MEDIA

Кургак учук-жугуштуу дарт

24-март кургак учук дартына каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечимине ылайык жыл сайын белгиленип келет.

Кургак учук – жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микробактериясын бөлүп чыгарган сыркоо адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микробактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ. Ал жерде дагы, карда дагы өзүн мыкты сезет, ошондой эле спирт менен кислотанын таасирине да туруктуу келет. Микробактерия ыплас жерде, нымдуу үйдө бир нече ай, бейтаптын кийим-кечесинде, үй эмеректеринде 3-4 ай, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Алар жогорку температурага туруштук бере алышпайт, тике тийген күн нуруна көпкө чейин кактаганда гана жок болот. Алар жогорку температурада жана хлор камтылган заттардын таасиринен улам жок болот.

1882-жылы 24-март күнү мартта белгилүү немис микробиологу Роберт Кох кургак учук дартын тапкан. Кургак учук азыркы учурга чейин эң коркунучтуу оорулардын бири. Бул оору дүйнө жүзүндөгү саламаттыкты сактоо тармагында дагы деле болсо олуттуу көйгөй болуп сакталып калууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.