DOLON MEDIA

Коррупциялык кылмыштар үчүн жаза күчөтүлдү

Ушул жылдын 1-январынан тартып коррупциялык кылмыштар үчүн жаза күчөтүлду.

Бул тууралуу УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын демилгеси менен Нарын шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери, район акимдери үчүн уюштурулган жыйында айтылды.

Анда акыркы үч жылда коррупция менен күрөшүү, аны алдын алуу багытында жасалган иштер тууралуу  айтылып, ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген КР Кылмыш жаза кодексинин коррупцияга каршы аракеттенүү  мыйзамынын киргизилген  өзгөрүүлөр  жана толуктоолор боюнча маалымат берилди.

Жыйында буга чейинки облуста катталган коррупциялык фактлардан мисал келтирилип, мындан ары мындай көрүнүштөрдө жаза  айып менен чектелбестен катуу жазаланаары эскертилди. Ошондой эле жаңы мыйзамдын негизинде коррупциялык иштерге аралашкан адамдар сот жообуна тартылаары жана үй-бүлөсү, жакындары мамлекеттик кызматка бара албай турганы түшүндүрүлүп, мындан ары  паракорчулукка жол берген кызматкерлер ээлеген ордуна, аброюна карабастан жоопкерчиликке тартылаары түшүндүрүлүп, паракорчулуктан оолак болуп, мыйзам бузууга жол бербөөгө чакырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга УКМКнын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү болуп эсептелинээри айтылды. Өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдар аралыгында коррупциялык көрүнүштөрдү абсолюттук түрдө жоюу милдети коюлган. Андыктан, кызматкерлерге алар тараптан коррупциялык көрүнүштөргө жол берилсе, сөзсүз түрдө жазанын катаалдаштырылышы жөнүндө катуу эскертилди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.