Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узартылды. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кара алтындын баасын жөнгө салууну 90 күнгө узартуу чечими 11-январда кабыл алынган.
Буга чейин 2024-жылдын 15-сентябрынан тарта 90 күнгө көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Бул чара көмүрдүн негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калкты жеткиликтүү отун менен камсыз кылуу максатында киргизилди. Бул мезгилде көмүрдүн баасы белгиленген чектен ашпоосу керек.