DOLON MEDIA

Көлдүн театры Нарын облусунда

23-24-сентябрда Ысык-Көл облусунун Касымаалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театры Нарын облусуна келип өз өнөрлөрүн тартуулашат. Аталган театр С. Раевдин “Күн кармаган бала”, Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” спектаклдерин теңиртоолуктарга тартуулашат. Спектаклдер эки сеанс менен коюлат, билеттин баалары күндүзгү сеансттар 100 сом, ал эми кечки сеанстар 200 сомдон сатылууда. Ушул эле спектакль 27-28-сентябрда Кочкор районунда көрсөтүлөт.

Көрүүчүлөрдүн эсине салсак аталган спектакль өткөн жылы 29-сентябрда “Арт-одо-2023” театр фестивалында гран-приге татыган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.