DOLON MEDIA

Кочкор: Кинотеатрга Геннадий Базаровдун ысымы берилди

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы “Чолпон” кинотатрына КР эл артисти, кинорежиссер, сценарист Базаровдун ысмы ыйгарылып, алдына айкели орнотулду. Ага кесиптештери, район жетекчилиги катышты. Кинотеатрдын ичине режиссердун сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Аны менен катар Г. Базаровдун кино тасмалары көрсөтүлду. “Кыргыз кереметин” жаратуучулардын бири болгон Г. Базаров 1942-жылы Ата-Баашы районунда туулган. Атасы Садыр Базаров көп жылдар советтик-партиялык кызматкер болуп, Ат-Башыда да иштеп турган.

Г. Базаров “Көчө”, “Саманчынын жолу” сыяктуу көркөм филимдер менен бирге “Антракт”, “Түндө” деп аталган кыска метраждуу новелларалды жана башка биртоп документалдык филимдерди тартып, өзүнүн “Альтернатива” аттуу автордук программасы менен белгилүү болгон. Ал өткөн жылы узакка созулган оорудан Бишкекте каза болгон.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.