DOLON MEDIA

Кочкор: ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүнүн мектебине унаа берилди

Жалпы республикалык тесирлөөдөн Кочкор району боюнча 13 окуучу 200 баллдан  ашык упай топтошкон.

Бүгүн, 8-июлда  Кочкор айылындагы  “Чолпон”  кинотеарында  салтанаттуу иш чара уюштурулуп, аларга Ыраазычылык кат жана Мактоо баракчалары тапшырылды. Ал эми И.Арабаев мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүсү Раяна Чолпонкулованын мектебине жеке ишкер тарбынан автоунаа белекке берилсе, өзүнө миң доллардын сертификаты тапшырылды.  Ал төрт жыл бою тынбай даярданып  ЖРТдан 222 упай топтогон.

Ал облустун сыймыгы болуп, өлкөдөгү эң жогорку балл алган 56 бүтүрүүчүнүн катарына кошулган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.