DOLON MEDIA

Кочкор: Соцкелишимден

Кочкор районунда “Социалдык келишим” долбоору менен каражат алган үй-бүлө бир жыл ичинде  миллион сомдук кирешге чыккан. Бул тууралуу маалымат, бүгүн, 19-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабировдун аталган райондо болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды.

2022-жылы “Социалдык контракт” алып ашкана иштетип жаткан Мунарбек кызы Гулбарчын  6 жумушсуз жаранды ишке алып,  аларга күнүнө 700 сомдон айлык төлөп, өзү айына 80 миң сомдон жогору киреше табууга жетишип, жылдык кирешеси 1 миллион сомго жеткен.

Министр иш сапар алкагында, ишкердин ашканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле соцкелишим алуучулар менен жолугуп быйылкы жылга карата келишим  түзгөн  24 үй-бүлөнүн ар бирине 150 миң сомдук сертификаттарды  тапшырды.

Кочкор району боюнча  2022-2024-жылдар аралыгында 264 үй-бүлө менен “Социалдык келишим” түзүлгөн. Анын  ичинен 49 пайызы  айыл чарбасы, 33 пайызы  өндүрүш, 11пайызы тейлөө жана 7пайызы соода сатык багытында  ийгиликтүү иш алып барууда.

Ал эми Нарын облусу боюнча акыркы 3 жылда соцкантракт алган  2182  үй-бүлө 2 миң 608 жумуш орун түзгөн. Ал эми  үстүбүздөгү жылы облус боюнча 709 үй-бүлө менен соцкелишим түзүлөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.