DOLON MEDIA

Кочкор: Элге 15 тонна көмүр сатылды

Кочкор району боюнча 11  көмүр кампа уюштурулган. Автобазадагы  көмүр  көмүр кампасына  40 тонна көмүр тартылып, учурда 15 тонна көмүр элге сатылды.

Кампада көмүрдүн баасы 4700 сом, ал эми жеткирип берүүсү менен 5000 сомдон  сатылып жатат. Башка кампаларга азырынча көмүр түшө элек. Ошондой эле жеке ишкерлер көмүр тартып келип, кардарларга кыдырып сатууда.

Кочкор районунда өткөн жылы көмүрдүн баасы 4500 сомдон болсо, быйыл 5000 сомдон сатылып жатат. Учурда билим берүү мекемелерине 2410 тонна көмүр келип түшкөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.