Учүнчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Ормон Хан айыл өкмөтүнүн өкүлчүлүктүү жыйыны болду. Ага айыл өкмөттүн курамындагы айылдардан шайланган 200 делегаттын 138и катышты.
Элдик Курултайга 14 талапкер көрсөтүлүп, ар кими өзүн жана курултайда көтөрүүчү маселелери тууралуу маалымат беришкен соң, аларга добуш берилди. Жыйынтыгында Эркин уулу Эрлан 51, Фатима Исмаилова 48, Тынчтык Жумагулов 47 добуш алышып делегат болуп шайланышты.
3-Элдик Курултай 20-декабрда Бишкек шаарында Президенттин катышуусунда өтөт. Ага Кочкор районундагы беш айыл өкмөттөн 10 делегат барышат.