DOLON MEDIA

Кочкор: Бөлүм башчы пара алууга шектелүүдө

Кочкор райондук санэпидкөзөмөл борборунун бөлүм башчысы ишкерлерден пара алууга шектелүүдө.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү багытында текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы А.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын облустук регионалдык бөлүмүнөн келген атайын жолдомонун негизинде Кочкор районунун борборунда жайгашкан “7 К.”, “Т.”, “Ш.” соода дүкөндөрүн текшерип, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн дүкөндөрдүн ээлеринен мыйзамсыз пара катары акча алып жүргөнү аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылды.

Бул ишке болгон кошумча зыянды жана бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тыкыр тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.