Балыкчы-Кочкор автомобиль жолунун 37-чакырымынан 44-чакырым аралыгы, тагыраагы Кубакы ашуусунун бурулушуна чейинки жол график боюнча жабылат.
Маалыматка караганда, жолдун аталган тилкеси “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун курулушунун алкагында жүрүп жаткан бургулоо жана жардыруу иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылат. Башкача айтканда үстүбүздөгү жылдын 7-февралынан 3-мартка чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү таңкы саат 08:00дөн 17:30га чейин убактылуу жабылып турат.
“Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү бул маалыматты эске алып, алдын ала альтернативдүү жолдорду пландаштырууга чакырабыз жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз!”,-деп айтылат Транспорт жана коммуникациялар министрлигине карашттуу “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматында.