Кочкор районунда бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыр Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен аталган айыл аймакта жайгашкан бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин жеке тараптын менчигине берип салышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматына тапшырылды.