DOLON MEDIA

Казакстандын аймактары менен достук алака түзүлөт

Бүгүн, 1-октябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Нарын облусу менен Казакстандын облустарынын ортосунда достук алакасын түзүп, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов облуста суу, күн, шамал энергетикасы, тоо-кен, айыл чарба тармагы боюнча потенциал чоң экенин белгилеп, жашыл экономика боюнча долбоорлорду тартуу, Нарындан Казакстанга сүт, эт, картошка, карагат, чычырканак жана башка азык-түлүктөрдү экспорттоо боюнча сунуштарын айтты.

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард 300 миллион сом болгонун, бул көлөмдү 2 миллиардга жеткирүү талабы коюлганын белгилеп, эки мамлекеттин аймактарынын ортосунда социалдык-экономикалык байланыштарды түзүү жакшы мүмкүнчүлүктөргө жол ачаарын айтты. Нарын облусуна күн энергетикасы боюнча долбоорлорду алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди. Ошондой эле Нарындан сүт азыктарын, сырдын түрлөрүн Казакстанга экспорттоо боюнча кызыкты.

Элчи өз сөзүндө Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинде билим алып жаткан казакстандык студенттер менен жолукканын, окуу жайдагы  шарттар  жогорку деңгээлде түзүлгөндүгүн, Нарын облусунда көптөгөн жаңы долбоорлор ишке ашып, облус өнүгүүгө багыт алганын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Нарын облус менен Казакстандын облустарынын ортосунда достук алакасын түзүү боюнча иштиктүү сүйлөшүүлөр болду.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.