Азия-Тынч океан маалымат агенттиктери уюмунун (OANA) 2024-жылдагы эң мыкты макала сынагында “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Нуржан Касмалиева “Маданий мурас” номинациясында шырдак (кыргыз элинин улуттук килеми) жөнүндөгү макаласы үчүн үчүнчү орунду ээледи.
OANA 2024-жылдын август айында “Эң мыкты макала” жана “Мыкты сүрөт” үчүн сынагын жарыялаган. Ал эми сынактын жыйынтыгы ОАНАнын Башкы катчысы Заман Резахани 17-февралда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн Аткаруу кеңешинин 54-отурумунда жарыялады.
Сынак OANA журналисттеринин компетенттүүлүгүн, мыктылыгын жана кесипкөйлүгүн шыктандыруу максатында өткөрүлдү.
Сынакка 17 маалымат агенттигинен 30 макала, 22 жеке сүрөт жана 14 фото серия келип түшкөн.
OANA – Азия-Тынч океан аймагындагы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат агенттиктеринин коммерциялык эмес бирикмеси. Ал 1961-жылдын 22-декабрында Тайланддын Бангкок шаарында ЮНЕСКОнун демилгеси менен Азиянын маалымат агенттиктеринин Биринчи Генералдык Ассамблеясында негизделген. Уюм дүйнө калкынын жарымынан көбү жашаган аймактагы маалымат агенттиктеринин ортосунда түз жана эркин кабар алмашууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
Учурда OANA 33 өлкөнүн 41 маалымат агенттигин бириктирет. КМУА “Кабар” 1997-жылдан бери ОАНАнын мүчөсү.