DOLON MEDIA

К.Туманбаев: “Ипотекалык батирин ижарага бергендер аныкталса чара көрүлөт”

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев мамлекеттик ипотекалык  компаниядан  үй алгандар батирлерин ижарага берүүгө укугу жок экенин, эгер бул боюнча маалыматтар тактала турган болсо, автоматтык түрдө батир мамлекетке кайтарылаарын айтты.

Анын айтымында, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга чара көрүлүп, үй кийинки кезекте турган жаранга берилет.

“Биз 2024-жылы тапшырган 1059 батирдин бирөөсүн дагы ижарага берүүгө эч кимдин акысы жок. Мамлекеттик ипотекалык компания 25 жылдан кийин батирдин ээси каражаттарды толук төлөп кутулгандан кийин документтерди, техпаспортту өткөрүп берет. Андан кийин үй ээси батирин ижарага береби, же бирөөгө берип салабы, ал кожоюндун өз эрки. Ошондуктан мен айтып коеюн, маалымат чыгарардан мурда маалыматты такташ керек”, – деди ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.