Бүгүн, 4-мартта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев муктаж болгон үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, буга чейин, ушул жылдын 17-февралында 1990-жылы туулган Махратбек кызы Канышай аттуу жаран УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ал бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенин, тагыраагы көзүнүн көрүүсү начар экенин, ажырашып кеткенин, үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын, ошондой эле улуу кызы да бала кезинен майып экенин, Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдардын мектеп- интернатында окуп жатканын билдирген.
К. Махратбек кызынын туруктуу жумушу жок, бирок кайрымдуу жарандар тарабынан үй-бүлөсүн багууга, дарыланууга көмөктөшүү максатында кайрымдуулук уюмдарына кайрылып келишкен.
Буга чейин, алар турак жай маселесине байланыштуу да жардам сурап кайрылышкан, бирок натыйжа болгон эмес.
УКМК төрагасы К.Махратбек кызынын муктаж үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.
Өз кезегинде К.Махратбек кызы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыз кылууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.